Үстүбүздөгү жылдын 15-январынан тарта кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга Чехияга баруу үчүн шенген визасын Швейцариянын Бишкектеги элчилиги бере баштады. Маалым болгондой, Швейцариянын Бишкектеги элчилиги виза берүүгө 90 күнгө чейинки кыска мөөнөттүү арыздарды гана кабыл ала алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Шенген визасы жарактуу аймакка Европадагы 26 мамлекет кирет. Жогорудагы виза менен Австрия, Бельгия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Исландия, Испания, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Мальта, Норвегия, Нидерланды, Польша, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Швейцария, Швеция жана Эстонияда 90 күн аралыгында эркин жүрүүгө болот.