Тармактык комитет өлкөдөгү окуу жайлардын көйгөйлөрүн талкууга алды

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун, Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институтунун профессор-окутуучулар жамаатынын жана студенттеринин ата-энелеринин кайрылуулары каралды. Депутаттардын сунушу менен бул маселеге окшош Бишкектеги Дипломатиялык академиянын жана Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун маселелери чогуу талкууланды.

Аталган окуу жайлардын жетекчилери өкмөттүн “Кыргыз Республикасындагы натыйжасыз иштеген окуу жайларды аныктоо жөнүндө” токтомунун долбооруна ылайык, өздөрү жетектеген мекемелердин натыйжасыз окуу жайлардын тизмесине кирип калгандыгына каршы экендиктерин айтышты. Аталган токтом долбоорунда тизмеге кирген окуу жайлардын жетекчилерине 3 айдын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине аларды кесиптик орто билим берүү уюмдары катары өзгөртүп кайра түзүү боюнча сунуш берүү милдеттендирилген.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу маселесине олуттуу мамиле зарылдыгына токтолду. Ал Германиянын, Эстониянын окуу жайлары эмнеси менен айырмаланарын мисалга келтирип, мамлекет өз саясатын өкмөт аркылуу бардык жерде бирдей жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Башка эл өкүлдөрү ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша факультеттерди калтыруу керектигин айтып, өкмөттүн токтом долбоорун кайра кароону сунушташты.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева токтом долбоору ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, алар тарабынан иштелип чыккандыгын маалымдап, реформалоодо каралган критерийлер ири окуу жайлар менен макулдашылгандыгын билдирди.

Комитет төрагасы ал үчүн убакыт берүүнү сунуштоо менен министрликке жардамдашуу зарылдыгын кошумчалап, министрликке көтөрүлгөн көйгөй боюнча тапшырма берди.

Жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Дипломатиялык академияны КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясына кошуу жана Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун “натыйжасыз” деп табууга каршы пикирлерин айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан