Бажы биримдигине кирүүдөн кийин рыноктун кеңейишин эске алуу менен Кыргызстан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүүдө. Муну 28-январда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.
Мисалы, картошканын аянты былтыркыга караганда 1,2 миң гектарга көбөйүп, жалпы 80,1 миң гектарды, жашылча-жемиштердин аянты 2,7 миң гектарга көбөйүп, 47,6 миң гектарды, бакча өсүмдүктөрү 0,7 миң гектарга көбөйүп, 10 миң гектар болору күтүлүүдө.
"Техникалык өсүмдүктөрдүн ичинен кант кызылчасы 6,2 миң гектарга себилип, былтыркыдан 1,1 миң гектарга азайса, пахтанын айдоо аянты 2,2 миң гектарга кыскарып, 21,1 миң гектарды түзмөкчү. Бирок, министрлик Чүй, Талас облустары менен 2015-жылы кант кызылчасынын аянтын 8 миң гектарга жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө",- деп билдирет министрлик.
Маалыматка таянсак, жакында "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоору бекитилип, дыйкандарга 6 миллиард сомго чейин жеңилдетилген насыя бериле баштайт.