Быйыл ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын түшүүсү 1,8 миллиард сомго болжолдонууда

2015-жылга ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын түшүүсү 1 миллиард 826,4 миллион сом өлчөмүндө күтүлүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылы ыктыярдуу салыктын негизиндеги салыктын түшүүсү 1 миллиард 756 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 27-январда билдирди.

Маалыматка караганда, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык атайын салык режиминин түрлөрүнүн бири болуп саналат жана салык органынан ыктыярдуу патентти алып жатканда жеке адам – салык төлөөчү тарабынан төлөнөт. Салыктын бул түрү толугу менен жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан