Жогорку Кеңеш балдардын түнкү саат 10дон кийин көчөдө жана коомдук унааларда жалгыз жүрүүсүнө тыюу салганы жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 28-январдагы жыйынында каралууда. Баяндама жасаган депутат Турсунбай Бакир уулу талапты бузгандарга 300-500 сом айып пул салынарын белгиледи. "Мисалы, балдар сабактарына жетишпей, түнкү саат 10дон кийин интернет-клубга барчу болсо, жанында сөзсүз бирөө болушу керек. Ата-энеси же өзүнөн улуу бир тууганы жанында жүрүшү керек. Эгер жашы жетпесе, интернет-клубдун ээси ичкериге киргизбеши керек",- деди Бакир уулу. Балдардын жалгыз жүрүүсүнө тыюу салынган жерлер: кафе, ресторан, түнкү клубдар, көлмө жээктери, көп кабаттуу үйлөрдүн короолору, коомдук автоунаалар жана башка коомдук жерлер.