Турсунбай Бакир уулу: "Балаңарды ойлосоңор, түнкү саат 10дөн кийин көчөгө чыгарбагыла"

Парламенттин 28-январдагы жыйынында балдардын саат 22:00дөн 06:00гө чейин көчөдө жалгыз жүрүшүнө тыюу салуу демилгеси талкууланууда. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу керектигин айтышты. Дастан Жумабеков: "Жаш балдарды көзөмөлдөө кыйын. Саат 10дон кийин жакын жерде жашаган тууганынын үйүнө бара жатса, баланы милиция кармап кетсе эмне болот? Мисалы, саат 10дон кийин 13 жаштагы баламды нан алып келүүгө дүкөнгө жумшасам, аны кармап кетишсе... Муну жакшылап карап чыгуу керек",- деп билдирди. 
Мындан кийин демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулу: "Балаңарды ойлосоңор, саат 10дон кийин көчөгө чыгарбагыла. Нанды саат 10го чейин алып келип алса болот. Ансыз да кылмыштуулук өсүп жаткан учурда бул мыйзамды кабыл алышыбыз кажет",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан