Депутаттык комиссия: "Депутат Нурлан Төрөбековдун диплому жасалма"

Жогорку Кеңеште 28-январда депутат Нурлан Төрөбековго козголгон кылмыш иши боюнча фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы угулду. Баяндамада депутат Нурлан Төрөбековдун диплому жасалма экени аныкталганы айтылды. Депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Курманбек Дыйканбаев буларды айтты: 

“Башкы прокуратуранын маалыматын иликтеп чыктык. Комиссия Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз улуттук университетине суроо-талап жиберип, жооп алды. Нурлан Төрөбеков Улуттук университеттин роман-герман факультетинин биринчи курсуна кирип, бирок экинчи курстан окуудан чыгарылыптыр. Кийин окуусун улантып, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, 2013-жылы декабрь айында карыздары болгону үчүн 5-курстан окуудан чыгарылган. Жалпы 1990-жылдан 2013-жылга чейин окуп, бирок кайра окууга кабыл алынбагандыктан, диплом ала алган эмес. Диплом алгандыгы окуу жайдын китепчесине катталган эмес".

Бирок айыпталуучу депутат буга макул эмес. Диплом алганын, бирок аны бир топ жыл мурун аны унаасынан уурдатып жибергенин айтууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан