“Дипломум жасалма эмес" деди депутат Төрөбеков

“Дипломум жасалма эмес”,- деп билдирди депутат Нурлан Төрөбеков Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында. Депутат диплом алыш үчүн 13 жыл окуганына токтолду: “Дипломду мен өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда алып келишкен, сүйүнүп эле алып алган элем, эми ойлонуп жатам. Чынында, бул маселе улам көтөрүлүп жатып негизги тема болуп кетти. Убагында университетке жакшы максат менен тапшыргам. Үйлөнгөндөн кийин 3-4 жумушта иштөөгө туура келди, ошондон улам окууга бара албай калгам. Бирок кийин кайра окуумду калыбына келтирип, башынан баштап окуп бүтүргөм”.

Депутаттын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунда Төрөбеков жалпы 1990-жылдан 2013-жылга чейин окуп, бирок кайра окууга кабыл алынбагандыктан, диплом берилбегени айтылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан