Бишкектеги эс алуучу жайлардын бирине Ички иштер министрлигинин тийиштүү бөлүмү 27-январда тинтүү жүргүзүп, жыйынтыгында ал жерде сойкукана болгону маалымдалды. Бул жай Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимовго таандык экени жарыяланган. Аталган жай өзүнүн менчиги экенин депутат SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул жай менин менчигим экени ырас, бирок 4 жылдан бери мен иштетпейм. Башка адамдарга ижарага берип койгом. Бирок ал жер сойкукана эмес, сауна. Мен деле жумасына бир жолу барып эс алып турам. Эс алуу жайын "сойкукана" деп тинтүүгө алган милиция кызматкерлери кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатышат. Бул мага карата жасалган саясий кысым. Аны мен иштетпегендиктен, жоопкерчиликти ижарага алып иштеткен тарап алат. Бирок мен адвокат жалдап, бул ишти көзөмөлгө алам",- деди Салимов.
Эс алуучу жайдын администратору кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул боюнча кылмыш иши козголду.