"Ымыркайдын эмдөө алуусуна шарият каршы эмес". Бул тууралуу билдирүүнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы таратты.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери кызамык оорусу күч алууда. Азыркы тапта бул ооруга каршы 23 миңге жакын адам эмдөөдөн өткөн. Аталган оорудан жабыркаган балдардын басымдуу бөлүгү диний көз караштагылардыкы экендиги айтылган.
“Ислам дини ден соолукка коркунуч туудура турган зыяндардан сак болууга жана ар бир дартка тиешелүү дары-дармектерди алууга каршы эмес” деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин 6 миңдей адам балдарын эмдетүүдөн баш тарткандыгы тууралуу маалымат тараган болчу.