Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында депутат Нурлан Төрөбеков диплому жасалма эмес экенин далилдөөгө убада берди. Депутат ооруканадан айыгып чыккан соң, окуу жайдан диплом алгандыгын аныкташ үчүн Улуттук университеттин архивин карап чыгарын айтты.
"Баары эле мен тууралуу "коркуп, парламент жыйынына келбей жатат" дешти. Бирок мен ооруп, ооруканада дарыланып жаттым, азыр деле дарылануудамын. Мен сиздерге "дипломум жасалма эмес экенин тастыктоочу материалдарды алып келем" деп айтып коюу үчүн келдим",- деди Төрөбеков.
Фракция мүчөлөрү колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова депутат Төрөбековго 2014-жылдын 24-сентябрында "мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чинди жасалма дипломду пайдаланып алган" деген негизде ага кылмыш ишин козгоп, парламенттен аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Бирок 28-январда Жогорку Кеңеш Төрөбековду мандаттан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берген жок.