2-февралда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк кезексиз жыйын өткөрөт. Маалым болгондой, анда президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу жана өкмөттүк түзүмдөрдүн санын кыскартуу демилгеси талкууланат. Айта кетсек, Шыкмаматов ММКларга "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев коалициялык көпчүлүккө кайрылып, анын жоопкерчилигин кароону сунуштоодо.