Абдырахман Маматалиев Чек ара кызматынын башчысы менен "Айкөл" чек ара тозотундагы окуяны талкуулады

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 30-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, Баткендин "Айкөл" чек ара тозотундагы окуяны иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматын укту. Маматалиев мындай окуяларга жол бербөө үчүн аскердик тартипти күчөтүү, аскердик даярдыкты бекемдөө, өздүк курамдын ичинде жагымдуу моралдык-психологиялык абалды түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. 
"Аскерге чакырылгандарды тандап алуунун сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. Жоокерлердин моралдык-психикалык абалын эске алуу менен кызматка алуу мындай окуялардын алдын алат",- деди вице-премьер.
Дүйшөнбиев өздүк курамга болгон көзөмөлдүн начардыгына байланыштуу "Лейлек" чек ара отрядынын башчысы жана анын орун басары кызматтан алынганын, мындан башка да кызматкерлерге тийиштүү чаралар көрүлгөнүн айтты. 
Эскерте кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында Лейлектеги чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотунда атылган октон зардал каза таап, эки чек арачы жарадар болгонКол салуунун бети ачылып, кызмат өтөгөн жоокер ок чыгаргандыгын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан