Жаратылыш газы бардык булактарда бирдей баада сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда журналисттерге “Газпром” ишканасынын Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер билдирди.
Анын айтымында, кайсы валюта менен иш алып баруу керектигин кайра караштырууга болот. “Учурда газдын баасы доллар валютасы менен бекитилген. Бардык бааларды бир топ төмөндөтүп, бардык булактардан бир деңгээлге жеткиргенбиз. Демек, Өзбекстанга, Казакстанга газ бирдей баада сатылууда. Газдын 1000 метр кубу 165 долларга барабар”,- деди Миллер.