Кыргызстанда мечит куруп жаткан чет элдик уюмдарды катуу көзөмөлдөө талабы айтылды

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев сырттан келип, Кыргызстанда мечит куруп жаткан уюмдарды катуу көзөмөлгө алуу керектигин бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште салттуу диндерди мамлекет тарабынан колдоого багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. Анын билдиришинче, сырттан келип, медресе, мечит салып берип жатышканы менен, уюмдар чаржайыт иш жасашууда. "Албетте, мечит, медресе куруп берип жаткандарына рахмат. Бирок алар акчасы менен кошо идеологиясын алып келип жатышат. Ошондуктан буга мамлекет көзөмөл кылбаса болбойт. Бул сунушту аталган мыйзам долбооруна кошууну суранам",- деди Токтомушев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан