Тайырбек Сарпашев: "2015-жылы өлкөдө 49 миллиард сом салык жыйналышы керек"

"Кыргызстанда 2015-жылы 49 миллиард 600 миллион сом салык жыйналышы керек". Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 30-январда Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында билдирди. 
"Салыктык башкарууну күчөтүп, бизнести көмүскө экономикадан алып чыгуу чаралары даярдалышы керек. Салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана салык тармагындагы коррупция менен күрөшүүнү улантуу зарыл. 2015-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын өкмөт дайыма көзөмөлдөп турат. Өзүнүн милдеттерин аткара албаган жетекчилерге катаал чаралар көрүлөт. 2015-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен конкреттүү чечимдер кабыл алынат",- деп билдирди Сарпашев. 
Өкмөт мүчөсү 2014-жылы салык чогултуу планы 102 пайызга аткарылганын, мунун эсебинен бюджетке 42,2 миллиард сом түшкөнүн белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан