"Бишкек шаары - аймактык каржы борбору" долбоору 30-январда парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында талкууланды. Көз карандысыз эксперт Нурсултан Белековдун айтымында, аталган долбоор Кыргызстандын фонддук рыногун мындан ары өнүктүрүүнү камсыздоодо Бишкек шаарын атаандаштыкка жөндөмдүү административдик-аймактык бирдик катары өнүктүрүүгө багытталган.
"Долбоорду ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүнкү күндө шаарда ири жетишкендиктер бар, башкача айтканда, бардык зарыл болгон каржы институттары иштеп жатышат",- деди Белеков.
Депутаттар долбоорду колдоого алышты жана долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын иштеп чыгууга фракциянын фондунан акча бөлүү чечимин кабыл алышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.