Өмүрбек Текебаев жогорку саясий кызматта иштегендердин ортосундагы сөздөр ачыкка чыкпашы керектигин айтты

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк 2-февралдагы кезексиз жыйынында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусун карап жатат. Жыйында депутаттардын кайчы пикири жаралууда. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев министр Шыкмаматовду жактады. 

"Шыкмаматов "Данияр Нарымбаев башкы прокурор болушу мүмкүн деп айттым" деп билдирүүдө. Биз Феликс Кулов экөөбүз президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тууралуу эмнелерди гана сүйлөшпөйбүз. Азыр анын баарын айтсам, пол түшүп кетет. Бирок аларды ачыкка чыгарбайм. Президент менен да депутаттар тууралуу көп нерселерди сүйлөшөбүз, бирок аларды ачыкка чыгаргым келбейт", - деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан