Алмазбек Атамбаев: "Жарандардын саламаттыгын сактоо - мамлекеттин негизги милдеттеринин бири"

Бүгүн, 2-февралда президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызамык оорусунун алдын алуу жана дарылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Мамлекет башчы менен министр өлкөдө мамлекеттик-жекече өнөктөштүктүн негизинде жаңы медициналык мекемелерди куруу маселесин талкуулашты.

Өлкө жетекчиси саламаттык сактоо тармагын реформалоонун жана бөлүнгөн акчаны натыйжалуу пайдалануу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарылдыгын, көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын деңгээли калктын талабын канааттандырууга тийиш экенин белгиледи. “Жарандардын саламаттыгын сактоо - мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”,- деди Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан