Бүгүн, 2-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети суу пайдалануучуларга сапаттуу ирригациялык кызмат көрсөтүүгө багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун карап, жактырды. Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнө 7,75 миллион доллар өлчөмүндө грант берет. Долбоор менен суу бөлүштүрүүдө санарип түйүндөр системи ишке киргизилмекчи.
Депутат Сайдулла Нышанов суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталып келген каражаттарды туура пайдалануу зарылдыгын белгилесе, башка депутаттар "суу бөлүштүрүүдө санарип түйүндөр системин ишке кириши менен суу сатылып жатат" деген сөздөргө чекит коюларын билдиришти.