Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу каралды. Нарымбаев министрден айткандары үчүн кечирим суроону талап кылды.
"Гезитке маалымат чыккандан кийин мен президент Алмазбек Атамбаев менен талкуулап, ал киши менин пикириме макул болду. Бул маселе өтө олуттуу. Шыкмаматовдун айткандары адамдын беделине шек келтирет. Мейли айтыптыр, бирок гезит чыгып кеткенден кийин телефон чалып, кечирим сурап койсо болмок. Мен гезиттин кийинки санын күттүм, гезит аркылуу да кечирим сураган жок. Анан минтип алдыңарга алып чыктым",- деди Нарымбаев.
Шыкмаматов айткандары үчүн кечирим сурабай турганын билдирди. "Журналист мага телефон чалып суроо бергенден кийин жооп бергем. Ооба, "кийинки башкы прокурор Данияр Нарымбаев болушу мүмкүн" деп айттым. Мамлекеттик кызматтагы чиновник катары өз пикиримди айтууга укуктуумун. Ошондуктан кечирим сурабайм",- деди Шыкмаматов.