Бишкекте "Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча чаралар" аттуу семинар өтүп жатат

Бүгүн, 2-февралда Бишкекте "Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча чаралар" аттуу семинар өтүп жатат. Иш-чарага Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги, адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Балдарды коргоо боюнча эл аралык фонддун мүчөлөрү катышууда.
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, аталган маселе боюнча мигранттардын балдарына өзгөчө көңүл буруу керек. "Бул багытта министрлик тиешелүү иш-чараларды өткөрөт. Балдарга карата зордук-зомбулук жана кыйноолордун алдын алууда өзгөчө чаралар планы түзүлгөн. Ага ылайык, ар бир айыл өкмөтүндө, ар бир шаарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен иш алып барчу штабдар түзүлмөкчү",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан