Бишкекте 29-январда билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперти Манел Лопез Беджар менен жолугушуп, Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринария адистерин даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады. Аталган окуу жайда "Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү-1, 2" долбоору ишке ашырылып жатканы айтылды.
"Долбоор өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке ветеринардык кызматтарга колдоо көрсөтөт. Анын алкагында Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын алыскы райондорунан абитуриенттер тандалып алынды. Алар аталган университеттин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинде ветеринария адистиги боюнча гранттык негизде билим алышат. 2014-2015-окуу жылына 114 студент кабыл алынган. Алар ветеринар адистери жетишпеген аймактардан жиберилишкен",- деп билдирет Билим берүү жана илим министрлиги.
Аталган студенттер менен келишим түзүлгөнү, окууну аяктагандан кийин алар 3 жылга чейин айылдарда иштөөгө милдеттүү экени айтылды.