Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 2-февралдагы жыйынында "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салуу максатында иштелип чыкты.
Талкууда депутаттар бир дагы көзөмөлдөөчү орган мамлекеттин эсебинен акча албашы зарылдыгын, анткени алар көз каранды болбошу керектигин айтышты. Депутат Эркингүл Иманкожоева Бишкектин чыгыш тарабындагы М.Ауэзов көчөсүнө жакын жайгашкан тери иштетүүчү кытай ишканасынан чыккан жыттан жанындагы жаңы конуштардын тургундары жабыркап жатканын айтты. Арыздануулар болуп келгенине карабай ишкана ишин улантып жатканын белгилеген депутат “керек болсо чогуу барып, жашоочулардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизип жатканын чогуу көрүп келели” деди.
Мыйзам долбоорун 1-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.