"Данияр Нарымбаев министр Шыкмаматовду сотко берген күндө да, сот эч нерсе кыла албайт" дейт Мадылбеков

"Мамлекет кыйын абалда турганда президенттик аппараттын башчысы менен юстиция министринин ортосундагы мамилени чоң жыйынга алып чыгуу уят",- деп билдирди депутат Туратбек Мадылбеков Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 2-февралдагы кезексиз жыйынында. Депутаттын айтымында, жыйналышты мамлекет үчүн олуттуу болгон маселелерди талкуулоо үчүн өткөрүү керек эле.

"Саясатта канча жылдан бери жүрөбүз, гезиттерге мындай материалдар көп эле чыгат. Биздин ушул маселени карап жатканыбызга эл күлсө керек, эртең өзүбүз эле шылдың болобуз. Президенттик аппарат Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин учурунан бери дайыма саясий оюндарды уюштуруп келген, бул чындык. Сен жөнүндө туура эмес айтылган, жазылган пикирлер дайыма болот. Мындай маселелерди карабай койгонубуз туура. Нарымбаев бул иш боюнча Шыкмаматовду сотко берсе да, сот эч нерсе кыла албайт, анткени министр кылмыш кылган жок",- деди Мадылбеков. 

Жыйында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу каралууда.

Айта кетсек, Шыкмаматов ММКларга "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев коалициялык көпчүлүккө кайрылып, анын жоопкерчилигин кароону сунуштаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан