Бишкек шаарында "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерра" компаниясынын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Сүйлөшүүлөргө эки тараптын тең эл аралык консультанттары катышты. "Жолугушуулар жана консультациялардын жыйынтыгы боюнча тараптар корпоративдик-укуктук маселелер боюнча пикир келишпестиктердин санын кыскартууга, экология жаатындагы АМЕС компаниясынын сунуштарын ишке ашыруу маселеси боюнча позицияларды жакындаштырууга жетише алды",- деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
Мындан тышкары жакында келечектеги долбоордун бардык каржы-экономикалык аспектилерин такташтырууну жыйынтыктоо жолдору аныкталды.
Тараптар кезектеги консультацияларды ушул аптада Москва шаарында юристтер жана эл аралык консультанттар деңгээлинде жүргүзүүнү макулдашып, алдыдагы сүйлөшүүлөрдү тездетилген ыргакта жүргүзүү керектигин белгилешти.