Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бүгүн, 2-февралда адам укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы Башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Кошта менен жолугушту. БУУнун өкүлү кыргыз сот тутумуна жардам берүү пландарын атап, судьяларды окутуу, аларга окутуучуларга карата адамды кыйноо темасында тренингдерди өткөрүүнү сунуштады.
БУУнун Адам укуктары комитетинин Кыргызстанда жарандардын кайрылууларына карата сунуштары тууралуу да сөз болду. Жогорку Соттун төрайымынын биринчи орун басары Канат Турганбеков комитеттен келген каттар кандайча каралары тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары адамды кыйноо темасында Кыргызстандын эле судьяларына гана эмес, жалпы Борбордук Азиянын судьяларына масштабдуу иш-чара өткөрүү пландалганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.