Эртең Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 3-февралда Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Пригородное (Новая, Марат, 8-Март, Лесная, Островский көчөлөрү), Восток, Учкун, Эне-Сай кичи райондорунда жарык өчөт. 
Ошондой эле Москва районундагы Петровка (Озёрная), Предтеченка, Кызыл-Туу, Аң-Арык, Водопитомник айылдарында, Жайыл районундагы Фёдоровка, Жекен, Жон-Арык, Калинин (Есенин, Достоевский, Жаш Гвардия, Коммунист, Салиева көчөлөрү), Кара-Балта шаарында электр жарыгына чектөө киргизилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан