Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева иш сапары менен Нарын облусуна барат

КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу 2-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Дамира Ниязалиева билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүү мекемелеринин абалы менен таанышат. Ошондой эле облустук телеканалда тургундардын суроолоруна жооп берип, 

өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышат. Жыйында 2015-жылга карата түзүлгөн пландар да талкууга алынат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан