Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан-Катар мамилесин бекемдөөчү мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 2-февралда "Кыргызстан менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. Документке 2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган. Макулдашуу эки өлкө ортосундагы экономика, соода, техника тармагындагы: өндүрүш, энергетика, айыл чарбасы, коммуникация, транспорт, курулуш, туризм боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталууда. Маалыматка таянсак, учурда Кыргызстандын чет мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн 30 өкмөттөр аралык комиссиясы бар, бирок араб өлкөлөрү менен комиссия түзүлгөн эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан