“Отставкага кетүүгө арыз жазам”,- деп билдирди юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 2-февралда телеканалдардын бириндеги түз эфирде. Министр мындай чечим кабыл алууга акыркы чуулуу окуя себеп болгонун айтты. “Эртең премьер-министр Жоомарт Оторбаевге өз каалоом менен арыз жазып, отставкага кетем. Бул менин акыркы чечимим”,- деди Шыкмаматов.
Айта кетсек, Шыкмаматов басылмалардын бирине "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам президенттик аппараттын башчысы Нарымбаев коалициялык көпчүлүккө кайрылып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган. Коалициялык көпчүлүк бүгүн бул маселени талкуулады.
Министр бул маселе Данияр Нарымбаевдин жеке ызасына байланыштуу болгонун айтат.
"Биринчиден, менин сөзүмдү журналист бурмалап салган. Экинчиден, Нарымбаев "кечирим сура же кызматтан кет" деп маселени туура эмес койду. Менин жеке божомолум мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратат имиш. Эгер андай болсо, бул маселени Нарымбаев эмес, мамлекет чечиши керек эле да. Мында анын жеке ызасы кашкайып көрүнүп турбайбы. Менин да жеке принциптерим бар, айтпаган сөзүм үчүн кечирим сурап, кызматта отургум келбейт. Мунун артында кандай себеп бар экенин убакыт көрсөтөт",- деп билдирди Шыкмаматов.
Юстиция министри сөзүн бурмалаган журналистти сотко бербегенин мындайча түшүндүрдү: "Аптасына бир нече гезит чыгат, анын ичинде болбоду дегенде сени каралаган 2 макала чыгат. Анын баарына эле реакция жасап, көңүл бура берсек, анда иштебей, соттошуп эле жүрө беришибиз керек".