Кыргызстанга 2014-жылы жалпы 116 495 автоунаа алынып келинген. Мунун ичинен 51 677си оң рулдуу, 64 818и сол рулдуу экенин бүгүн, 3-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин маалыматы боюнча, былтыр Бишкек шаарында оң рулдуу 26 596, сол рулдуу 24 112 автоунаа каттоого алынган. Чүй облусунда оң рулдуу 13 970, сол рулдуу 5682 унаа катталганы айтылды.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 28-январда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам кабыл алды.