Калкты негизги дарылар менен камсыздоого багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

Кыргызстандын “Патент мыйзамына” өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору бүгүн, 3-февралда 2-окууда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында каралды.

Мыйзам долбоору калкты негизги дарылоо каражаттарына жетүү мүмкүндүгү менен камсыз кылуу максатында даярдалганы айтылды. Башкача айтканда, дары-дармектердин бааларына, жасалма дарылардын сатылышына көзөмөл күчөтүлөт. Демилгечи депутат Галина Скрипкина мыйзам долбооруна болгон өкмөттүн сунуштарына макул эместигин, ал сунуштар мыйзам долбоорунун маанисин жоготорун айтат. "Кыргыз патент" кызматынын статс-катчысы Жапаркул Ташиев долбоорду колдоорун билдирип, айрым жагдайлар боюнча демилгечилер менен бир пикирге келгенин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, парламенттин жалпы кароосуна сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан