Жогорку Кеңеште "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты каралууда

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 2-февралдагы жыйынында "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган долбоору каралды. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин билдиришинче, макулдашылган долбоордо чек арага байланышкан көйгөйлөр: чек ара аймактарынын толук такталбаганы, тез-тез чыгып турган чек ара чатактары эске алынды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырышты.  
ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, комитет жыйынында республикадагы энергетикалык коопсуздук маселеси да талкууланды. 
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" КРнын мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда каршы пикир билдирген эле. Мыйзамга кол коюудан баш тартылганын президенттик аппарат төмөнкү жагдайлар менен байланыштырган: 

“Кабыл алынган мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чек ара ыйгарым укуктууларынын саны мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Бирок "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктунда КРнын Өкмөтү "министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемасын жана чектик штаттык санын бекитет" деп белгиленген. Мында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" КРнын мыйзамынын 1-беренесинде "бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өкмөт тарабынан аныкталат”.

Ошентип, КРнын Өкмөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмүн бекитүү жана ишин уюштуруу боюнча өзүнүн милдетин ишке ашыруу менен бул маселелерди өзү аныктайт. Кабыл алынган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, чек ара ыйгарым укуктууларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

КРнын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендиги каршы пикирде белгиленет.

“КРнын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө" жана "Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" КРнын мыйзамдары өкмөт каржылоо булагын аныктаганга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууга жол бербейт”,- деп айтылат маалыматта.

Кабыл алынган мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгү чек ара ыйгарым укуктууларына (жарандык персоналга) КРнын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды колдонууга жана алып жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Буга байланыштуу "КРнын Чек ара кызматы жөнүндө", "Курал жөнүндө" мыйзамдарда, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик жоболорунда, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актыларда мамлекеттик органдын жарандык (жалданма) персоналы тарабынан ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу укугу аныкталбагандыгы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан