Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүнкү,
3-февралдагы жыйынында "Электр энергетикасы жөнүндөгү" мыйзамга сунушталып жаткан толуктоолорду колдоду.
Демилгечи депутат
Бакыт Шаршеевдин айтымында, демилге билим берүү, социалдык жана медицина кызматкерлерин электр энергиядагы карыздарына болгон туумдардан ажыратууга багытталган.
“Билим берүү, маданият, социалдык коргоо
жана саламаттык сактоо жаатында социалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик
жана муниципалдык мекемелердин энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн өз
убагында акы төлөнбөй жатканынын натыйжасында топтолуп калган айып туумдар
бар. Бул алардын күнөөсү эмес, каражаттын убагында бөлүнбөгөндүгүнөн улам болууда.
Ошондуктан бул сунушталып жаткан толуктоолордо жогоруда аталган
мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден туум өндүрүлүп алынбайт”,-
деди Шаршеев.