Базар-Коргон районунун Сейитказы айылындагы каналды куруп бүтүрүүгө 10 миллион сом суралды

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 3-февралда Базар-Коргон районунун Сейитказы айылындагы селден тосуучу каналдын курулушу менен таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сонун Өтөмбаев каналдын курулушу 2013-жылдын февраль айында башталганын билдирди. "Бүгүнкү күндө 1772 метр узундукта каналдын жерди даярдоо жана бетон иштери бүткөн. Учурда даярдык көрүү иштери жүрүүдө, иш февраль айынын орто ченинде жанданат",- деп билдирди Өтөмбаев. 
Каналды толук бүтүрүүгө дагы 10 миллион сом кошумча каражат талап кылынары маалымдалды.
Маматалиев бул маселе карала турганын айтып, курулуш ишин быйылкы сел жүрүү сезонуна чейин аяктоо тапшырмасын бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан