Талас облусундагы айыл өкмөттөрүнүн биринде жер мыйзамынын одоно бузулганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2012-жылы Кайыңды айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан муниципалдык менчикте турган эки жер тилкеси арзан баада сатылган. Аны сатууда бир катар мыйзам бузуулар катталган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.