Жантөрө Сатыбалдиев журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

КРнын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. “Урматтуу маалымат жана басма сөз кызматкерлери! Сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздердин кесиптик майрамыңыздар – биздин демократиялуу, ачык коомубуздун турмушундагы кубанычтуу, маанилүү окуя. Сөз эркиндиги жана жарандардын өз ойлорун эркин билдирүүсү боюнча биздин өлкө эң эле алдынкы, демократиялуу өлкөлөрдүн катарында тургандыгы абдан жагымдуу көрүнүш. Биздин өлкөдө ар башка жана ар түрдүү багыттарды тутунган массалык маалымат каражаттары жогорку деңгээлде өнүккөн. Сиздердин чаалыкпас эмгегиңиздерден улам бардык окуялар жана жаңылыктар дароо эле жалпы коомчулуктун энчисине айланууда. Жумуш учурундагы ар кандай кыйынчылыктарга жана аткарган жооптуу милдеттердин оордугуна карабастан, журналисттер жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана жашообуздагы өзгөрүүлөргө дайыма өздөрүнүн активдүү атуулдук көз караштарын, мамилелерин ачык көрсөтүп келе жатышат. Биздин эң мыкты массалык маалымат каражаттарыбызга жана журналисттерибизге жалпы коомчулуктун жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга умтулуу, чындык жана адам укуктары үчүн туруктуулук менен күрөшө билүү сыяктуу сапаттар таандык. Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакыт каалаймын!” деп айтылат куттуктоодо.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан