Былтыр Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 103,6 пайызга өстү

2014-жылы Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 103,6 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Улуттук статистикалык комитеттин жыйынында бул мекеменин башчысы Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы 2013-жылга караганда өнөр жай продукциясынын көлөмү 98,4 пайызга, айыл чарба продукциясынын көлөмү 99,4 пайызга, курулуш дүң продукциянын көлөмү 124,9 пайызга өстү. “Ал эми негизги капиталга инвестициялар 121,6 пайызга, дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшү 107 пайызга жогорулаган”,- деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан