Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 11-12-февралдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти.
Жогорку Кеңеште 11-февралда “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө, “КРнын Социалдык фондунун 2015-жылдагы бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.
ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, 12-февралда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жана башка бир катар мыйзам долбоорлорунун каралышы күтүлүүдө.