LG компаниясынын OLED телевизорлору башка форматтагы телевизорлордон сүрөттөлүштү көрсөтүүчү технологиянын жаңы жогорку деңгээлде көрсөткөнү менен айырмаланат. Телевизордогу көрүнүштүн өңү 4 түстүү пиксель менен чагылдырылып, ар бири автоматтык түрдө өзүнчө өң жаратат. Мындан улам миллиондогон пикселдүү OLED телевизору көрүнүштү өз убагында бере алат. Мында көп түстөрдүн топтомун алууга болот. Буга чейин телевизорлор кызыл, жашыл, көк өңдүн жардамы менен көрүнүштү чагылдырышчу. LG компаниясы майда элементтерди тунук, толугу менен көрсөтүү үчүн кошумча ак түстү кошту.
OLED телевизорунун калыңдыгы - 4 миллиметр. Дисплейи барак сыяктуу ичке болгондуктан, көп орунду ээлебейт жана имараттын ичиндеги бардык интерьерге төп келет. Ошону менен катар OLED электр энергиясын үнөмдөөчү телевизор бойдон калат. Ага окшош ЖК менен LED`ден да аз жарык коротулат.
OLED телевизорунун негизги артыкчылыгы – кадрдагы кыймылды көрсөтүшү. Бул көп масштабдуу иш-чараларды чагылдырууда концерттер, спорттук мелдештер же экшн жанрындагы тасмаларды көрүүдө мыкты натыйжаны көрсөтө алат. OLED телевизорунун элести көрсөтүүдөгү ылдамдыгы LED телевизорунан миң эсеге тез болот. Экрандагы кыймылдар фейерверктин атылышы болобу, майда деталдарга чейин көрсөтүлөт.
OLED телевизорунун линиясы LG тарабынан керектөөчүлөр үчүн иштелип чыккан. Бул моделдердин технологиялык артыкчылыктары да компаниянын "жашоону ыңгайлуу жана мыкты кылуу" деген башкы максатынын негизинде иш жүзүнө ашырылды.