Өмүрбек Текебаев Бишкекте мыйзамсыз курулган жайлардын Кызыл китептерин текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 9-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев Бишкекте мыйзамсыз курулган жайлардын Кызыл китептерин текшерип чыгуу керектигин айтты.
"Мисалы, шаардын Токтогул - Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде май куюучу жай жайгашкан. Эмне үчүн тиешелүү мекемелер анын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин текшербей жатышат? Мындай жайлар шаар ичинде көп",- деди депутат.
Мындан тышкары депутат борбор калаада таштандыларды төгүүчү жайдын жанында жүздөгөн жер тамдар салынып, азыркыга чейин мыйзамдаштырыла электигин белгиледи. "Учурда мэрия көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча иш алып барууда. Ошол аймактагы жер тамдарга да көңүл бурушу керек",- дейт Текебаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан