Өмүрбек Текебаев: "Эгер үй газ же жылуулук түтүгү өтчү жерге курулган болсо, норманы өзгөрткүлө же үйдү мыйзамдаштыргыла"

"Эгерде үй газ же жылуулук түтүгү өтчү жерге курулуп калган болсо, норманы өзгөрткүлө же үйдү мыйзамдаштыргыла. Байлар сейил бакка үй курушса, эмне үчүн аны сүрдүрүшпөйт? Токтогул - Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаага май куюучу жайды карагыла. Кайсы нормативдер менен курулган? Аны ал жерге курууга таптакыр болбойт, ал жер жалпы пайдалануудагы жер. Мындан башкалары да курулууда. Эмне үчүн нормативдер бир тарапка гана иштөөдө? Нормативдерди өзгөртүү керек же курулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берүү зарыл".  
Мындай пикирди парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 9-февралдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Мындай сөз "Өз билемдик менен 2012-жылдын 3-августуна чейин тургузулган, жеке турак үйлөр курулган жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды. 
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов: "Бул мыйзам менен убагында мыйзамсыз басып алынган 6382 жер тилкесин мыйзамдаштырабыз. Муну даана түшүнүш керек. Эгер мыйзамдын алкагында нормалар өзгөртүлсө, анда башка иш. Бирок таштанды төгүүчү жерге курулган үйлөр бар, жарандар дайыма коркунучтарда жашашат",- деп билдирди. 
Депутат Абдулатип Режевалиев мыйзам долбоорун кабыл алуу менен кошумча каражат талап кылынарын жана өкмөттүн жообуна ылайык, бул демилге жерлери мыйзамдаштырылган жерлердин тизмесине кирбей калгандардын арасында нааразычылык жаратышы мүмкүн экенин айтат. 
Өмүрбек Текебаев жылына түрмөдөгү кылмышкерлер менен ууруларга мунапыс жарыяланарын, мындан өкмөт эч качан баш тартпаганын белгилеп, буларды айтты: "Менимче, бул жерде саясий өкмөттүк кызганыч болууда. Мыйзамды адам укуктарын жана заманбап технологияларды эске алуу менен кароо зарыл. Короо кылып, айланасын кыш же башка нерселер менен тосуп алууга мүмкүндүк бардыр. Эмне үчүн эки түрдүү мамиле болууда? Бирине уруксат берсе болот да, экинчисине жок. Азыркы учурда элиталык үйлөрдү курууга уруксат берилип жана алар мыйзамдаштырылып эле жатат".
Комитет мыйзам долбоорун четке какты жана парламенттин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алды. Мындан кийин Текебаев: "Мыйзам долбоорун четке какканыңарга жана Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алганыңарга карабай парламенттен жана элден колдоо табарыма ишенем",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан