Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюу сунушталууда

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 9-февралдагы жыйынында депутат Максат Сабиров Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюу сунушун киргизди. Депутат аталган министрлик миграция көйгөйүн чечүү боюнчи иш жасабай жатканын айтат. 
"Бул министрликтин өкүлдөрү "штатыбыз кичине болгондуктан, талаптарды аткарууга жетишпей жатабыз" деп нааразы болуп келишет. Миграциялык саясат бөлүмүндө мигранттардын көйгөйлөрү боюнча 9 адам иштейт. Бөлүмдөгү башка 9 адам "Кайрылман" программасы менен алектенет. Мындай органдын кимге кереги бар? Жоюп салып, миграция боюнча милдеттери так аныкталган жаңы мекеме түзүү керек",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан