Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 9-февралдагы жыйынында депутаттар
Өмүрбек Текебаев менен
Талантбек Узакбаевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Бишкек жана Ош шаарларындагы документсиз үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдын долбоору каралып жатканда Узакбаев долбоордо тактай турган жерлер бар экенин айтты эле, Текебаев:
"Филармониянын жанына үй курдуруп жатканыңызды, аны кимдин атына каттатып койгонуңузду да билем. Эмне, сизге курууга болот да, жөнөкөй адамдарга болбойбу?"- деп жооп кайтарды.
Мындан кийин Узакбаев кесиптешин абайлап сүйлөөгө чакырып, аталган аймактагы үйгө тиешеси жоктугун, аны далилдеп берүүгө даяр экенин билдирди.