Асанбек Алымкожоев: "Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өтчү парадга катыша турган Орусиянын техникасы келе элек"

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдануу пландары аткарылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараларды каржылоо маселеси Каржы министрлиги жана Коргоо министрлиги аркылуу чечилген. "Бирок азыркы учурда чечиле элек маселелер да бар: Орусиядан алынып келе турган техникалар келе элек. Орусия техникаларды 9-майга чейин жеткирерин айткан. Бирок техникалар келсе да, келбесе да аскердик парадды өткөрөбүз",- деди Алымкожоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан