Жакшы болуптур админ мумкун болсо Ак когучкон ырын жаныча ырдап чыгыптыр Бек Борбиев экоо ошол ырды жуктоп коесуздарбы?
0
admin_media
2015-03-13 10:03:52
Adi-95_95_95, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
Adi-95_95_95
2015-03-28 14:40:13
кайра кайра уксам деле уккум келе берет негизи Гулнур эжебиз жакшы акындар менен иштешет кобунчо Гулнур эженин Кыялбек Урмамбетовдун ырларын ырдаганы мага абдан жагат ишинизге ийгилик Гулнур эже бар болунуз дагы да жаны ырларды кутобуз жакшы обон жана жаны сыясы кургай элек ырларды!
Мезгил учат жылдар узап тыным албастан,
Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан.
Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин,
Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин.
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин,
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин.
Аппак болуп тийип турган күн да жашынар,
Токтобостон себелеген жамгыр басылар.
Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги,
Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси?
Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси,
Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси.
Өмүр кемеси, өмүр кемеси...