Тата Улан Ыйык көл
00:03:49
Жүктөлгөн: 26-06-2014
03:49
8.72 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (17)
Xperiaedil
2014-06-26 19:34:38
Tata Ulan brat jany yrlardy kutobuz dagy
+2
Beka.Alay
2014-06-26 20:09:00
Тата Улан кайрадан шоу дуйного кайткан окшойт,коптон бери куйормандарын куттуруп корунбой журду эле.Азамат чыгармачылык ийгилик
+2
aibek0001
2014-06-26 22:41:01
ооо Тата Улан супер...
+2
Alisher
2014-06-26 23:29:39
OOO kanday sonun kopton sagindindirgan irchilaribizda rahmat mindanda jaksi irlardi kutubizda.....
+1
admin_superstan
2014-06-27 11:05:21
edu.kg, сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
+1
beka88
2014-06-27 13:34:58
аллга братан
+1
omurbek9393
2014-06-27 21:13:44
Ёв барсызбы?. Ырга супппер!!!
+1
maks14
2014-06-27 23:41:35
500 нукура кыргыз ен сонун ийгилик ТАТА УЛАНГА
0
kama_future_millioner
2014-06-28 00:28:53
Азаматсыз дагыда жаны ырлар чыгара бериниз
0
kenzhe92
2014-06-28 11:31:13
Чыдаса болот
-1
BemKa777
2014-06-28 14:23:01
Суперр..!!
0
jigitaly
2014-06-28 19:51:21
Азаматсыз брат
0
universal
2014-07-06 15:09:35
Кыргыз үчүн чын дилинен күйгөн жылдыздарыбыздын эң эле мыктысыго! Жакында өтчүү көчмөндөр оюндарына клип тартасыз деген үмүттөбүз!
0
ABS
2014-07-17 03:35:14
Эн жакшы тарбиялу клип жана маанилу ыр, азыркы жаш ырчылардан
караганда,мин жок миллион ирет жакшы. Мына ушундай ыр ырдаш керек ла лал ла эмес бул силерге!!!
0
avtandilbek
2016-12-25 14:50:37
Охо Тата Улан байкебиз кайра пайда болуп калганго
0
Тата Улан "Ыйык көл"
Жарык жарып көлдүн жээгин,
Ыйык көлүм, кетирбегин.
Нур толтуруп суунун жээгин,
Топ булутту келтирбегин.
Чалкайсынчы төрүң,
Эс алдыргын, кейитпегин.
Чайпалсынчы көлүң,
Жай майрамдан кетирбегин.

Кайырма:
Көл кайнап,
Көк чапанын жамынып.
Шарпылдап,
Жээкке толкун чабылып.
Бир сүрдөп,
Асман жарып чагылган.
Жай гүлдөп,
Ыйык көлүм чакырган.

Көк көзүм сени карап,
Кучагыңа жайылды.
Ээ-эй, жаным көлүм,
Сени жүрөк сагынды.
Ак кеме көлдө сүзүп,
Жалдырата каратты.
Ак чардак тентектенип,
Жайып жүрөт канатты.
Көз салып күтүп жүрөт,
Секирет деп балыкты.
Ээ, кандай сонун,
Тосуп алат табият.
Таптаза болсо,
Кучак жайып кубанат.



Ээ, досум, айтып кетем,
Өз жериңди сыйласаң.
Жердеги таштандыга,
Жаның күйүп ыйласаң.
Сактайлы көлүбүздү,
Бабалардан калганы,
Өз жерибизге,
Кайдигерлик кылбайлы.

Кайырма:

Телегейиң тегизби?
Айкөлдүгүң негизби?
Кылымдарды карыткан,
Сен баатырсың, негизи.
Сенин ханың Манас хан,
Кыргыз үчүн кармашкан.
Каркыра жайлоо ээлеген,
Элге керек жер деген.
Ыйык көлдү көлүм деп,
Кас душманга бербеген.
Кыргызга деп мөңгүнү,
Өз мекенин бектеген.
Тоолуу жердин ортосу,
Ыйык көлдүн ордосу.
Чындап эле ыйык көл,
Болгон экен мурда чөл.
Чөл үстүндө бир шаарды,
Каптап алган ыйык көл.
Ыркы кеткен бир калкты,
Жазалаган ыйык көл.
Ала-Тоо, тоолор курчаган,
Бабаларың тандаган.
Ушул жериң сеники,
Мен кыргызмын, меники!
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан