Мирбек Атабеков Суранамын, кечир мени
00:03:42
Жүктөлгөн: 17-07-2014
03:42
8.43 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (37)
panterra90
2014-09-01 18:31:56
Да сонун
-1
simple_girl2015
2014-09-09 15:21:30
:) Суранамын, кечир мени.....Соонун ыр экен.
-1
Temur
2014-09-24 16:22:19
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
-1
Nestandarejan95
2014-10-10 15:23:46
Бул ыр озгочо жакты.Кайра-кайра угуп жатам.
0
Daani
2015-01-10 03:50:29
сонун Мирбек ушул ырын окшошуптур кайра кайра угуш керек молодец
0
Chelsea1234
2015-02-13 23:00:45
жакшы эмес,жаккан жок

0
Daniel_-_
2015-07-10 02:25:21
Сонун
0
Daniel_-_
2015-07-10 02:26:09
Сонун
0
kuka.1515
2015-09-13 18:21:16
Мага жакты
0
rocknroll
2015-12-23 14:20:11
Админ, ушул ырдын кинодогу версиясы (саундтрэк) болсо жүктөп коюңузчу. Сураныч.
0
roma91
2016-03-22 16:56:14
Суранамын кечир мени аялым??
0
kilim
2016-11-28 22:20:06
Админ rеmiх вариантын жуктогулочу
0
Ashka
2017-05-04 20:25:22
Супер
0
gugu2727
2017-06-12 02:06:35
Жакшы ыр
0
mirdas
2018-08-07 14:33:15
Сөз жок ырга
0
Мирбек Атабеков "Суранамын, кечир мени"
Сөзү : Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Мирбек Атабековдуку
Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп.
Сага жагыш үчүн издеп айла,
Жалган айтып алдадым.
Сени жоготуудан коркуп анда.
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Сенсиз калдым эми жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издеп айла,
Жалгыздыкка кезигем, сенин "сүйөм" деген сөзүң кайда?
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Эми сенсиз калдым жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Суранамын кечир суранамын.
Кубанычым болуп, кучагыма толуп,
Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай.
Аясаңчы мени жалгыз калтырбай,
Суранамын кечир мени!
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан