Гүлжигит Сатыбеков Бакыт издейм (New version)
00:04:06
Жүктөлгөн: 15-01-2015
04:06
7.5 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (29)
kushubakovaperi94
2015-01-21 00:48:20
Таланттынызга таазим,ишинизге ийгилик каалайм. Ырыныз аябай жакты,соонун жазылган.
0
chika-chika88
2015-01-22 02:56:22
Урматту супер инфо! Гулжигит сатыбековдун "ойлондунбу" деген ырын жуктоп коесуздарбыыыы суранычч
0
admin_media
2015-01-22 11:33:22
chika-chika88,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
chika-chika88
2015-01-23 14:52:53
Качан кошосуздор урматтуу Супер инфо Гулжигиттин "ойлодунбу" деген ырын кошосуздаааррр
-1
admin_media
2015-01-23 15:05:43
chika-chika88, түшүнүү менен кабыл алып күтө туруңуз, жакында жүктөп коюуга аракет кылабыз.
-1
sagyn91
2015-01-24 15:27:40
Тарбиялык мааниси зор клип, Ырына клип топ жарашкан. Азаматсыз! Секирип бийлеп каяктагы мазмуну жок ырларга караганда бул ырчы жакшы ырдайт. Ким эмне дейт туурабы же катабы.
+2
Eseke2013
2015-01-28 04:25:40
Сонун ыр супер текстин жуктоп койунуздарчы
0
peri-jan
2015-02-06 15:31:56
10жолу кайталап уксам да тойбой койдум
0
chika-chika88
2015-02-09 15:46:19
Супер инфо жамааты силерди да тажаттым окшойт Гулжигиттин "ойлондунбу" деген ырыыы Дей берип:)
0
admin_media
2015-02-09 16:10:14
chika-chika88, саламатсызбы! Колубузга тийсе эле жүктөп койгонго аракет кылабыз. Бир эле суранычты кайталап жаза берүүнүн кажети жок.
0
nurgakg
2015-02-16 17:22:32
Суппер болуптур ийгилик
0
Drogba
2015-04-06 17:14:33
Гулжигит молодец ырларын просто супер.Окунучтусу сендей ырчылар аз Кыргызстанда.
0
umutai.86kg
2015-07-05 23:47:25
Себелеп ,себелеп,себелеп жамгыр жааса ох кандай гана кереметуу угулат 5+
0
dastan_nookat
2015-07-15 14:35:19
Чыныгы ыр Гулжигит мырза баракелде
0
saparali96
2015-08-31 00:21:48
Эн сонун чыгарма ииййгилик байке жаны тойский стилдеги ырларды кутуп калабыз
0
kadamjai90
2015-09-18 02:36:12
Жакшы! Бирок эски варианты жакшыраак эле
0
komn47
2016-02-26 14:22:39
ушул ыр менен чыккан эле баштап.Бул ырдын орду башкача Гулжигит акеге да менин оюмча журоко жакын.талантынызга таазим Гулжигит аке!!!
0
madr1dista
2017-01-17 04:23:36
керемет
0
Гүлжигит Сатыбеков "Бакыт издейм (New version)"
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку


Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан